Ооганстандын мурдагы байланыш жана IT технология министри Сайед Ахмад Шах Садат Германияда тамак жеткирүү кызматында иштейт. Бул тууралуу "Кактус.медиа" чет элдик басылмаларга таянып билдирди.
Белгилүү болгондой, ал 2018-жылы министр болуп иштеп турган. Негизги милдети элге телекоммуникация тармагын жеткирүү болгон.
Ал азыркы учурда Германияда тамак жеткирүү кызматында бир жылга жакын убактан бери иштейт. Мурдагы министр германиялык байланыш компанияларга жумушка орношууну каалайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн