Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Абдралиева Гүлмира Курманбековна 11-августта “Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы” ААКтын төрайымы кызматына дайындалды. Маалыматты агенттикке компаниядан тастыкташты.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон, ага ылайык Абдралиева Гулмира Курманбековна 10-августта башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КРнын транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн