Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Максатбек ажы Токтомушев соцтармактарда тараган видеолор боюнча кайрылуу жасады (видео)

14.11.2023 19:22
333
Максатбек ажы Токтомушев соцтармактарда тараган видеолор боюнча кайрылуу жасады (видео)


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы муфтийи Максатбек ажы Токтомушев социалдык тармактарда тараган видеолор боюнча кайрылуу жасады.


Экс-муфтий социалдык тармактарда анын эски кайрылуусун кескилеп, монтаждап чагымчылдык жасалып жатканын билдирди.


"Урматтуу бир туугандар,  мен 2020-жылы октябрь окуяларына байланыштуу мечиттен катуу кайрылуу жасагам. Аны баары билет. Элдин каны төгүлбөсүн, элдин ынтымагы ыдырабасын деп кайрылуу жасадым эле.


Эми ошол кайрылуунун ар кайсы жерин кескилеп, "Максат ажы 19-ноябрда боло турган митингге чакырып жатат" деген ар кандай видеолорду социалдык тармактарда таратып жатышат.


Мен дагы бир жолу айтып коёюн. Мен эч качан митингге чыккан эмесмин, чыкпаймын да. Чагымчылдык жасагандарга ишенбөөгө чакырам", - деди Токтомушев.


Ал ошондой эле чагымчылдык аркылуу динди жаман көрсөтүүдөн алым болууга жана жеке кызыкчылыктар үчүн колдонбоого чакырган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн