Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиев бүгүн, 1-августта социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасады.
Бакиев кыргыз элине жолдогон кайрылуусунда аны туулган күнү менен куттуктаган Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү мекендештерине ыраазычылык билдирген.
"Биздин өлкөдө акыйкат жеңип чыгып, адамдарыбыз калыс сөзүн айтып турушса, мүмкүн туулган жерде жолугушуп каларыбыз алыс эместир?",- деп билдирүү калтырган Курманбек Бакиев.
Мындан сырткары, мурдагы президент Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тилеген.
Пикирлер (1)