Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева каза болду. Бул тууралуу "Вечерный Бишкек" өздүк булактарына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, мурдагы президенттин экинчи жубайы 15-январда Минск шаарында жүрөк оорусунан улам каза тапкан.
Аны акыркы сапарга узатуу үчүн Кыргызстанга алып келишет.
Бакиев менен Төлөмүшеванын бир уул, бир кызы бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн