Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мурдагы президент үч жылга эркинен ажыратылды

02.03.2021 09:02
985
Мурдагы президент үч жылга эркинен ажыратылды

Францияда сот мурдагы президент Николя Саркозини үч жылга эркинен ажыратты. Ага "Коррупция" жана "Кызмат абалынан аша чабуу" беренелери боюнча айып тагылган.


Париж сотунун токтомуна ылайык, экс-президент жазанын бир жылын абакта, эки жылын шарттуу түрдө өтөшү керек. Эми Саркози чечимдин үстүнөн апелляция берүүгө 10 күндүк убактысы бар.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 66 жаштагы Саркози президент кезинде судья Жильбер Азибергди кызматтан көтөрүү жана Монакодон “ыңгайлуу жай” табууну убада кылып, миллиардер Лилиан Бетанкурдун ишин тергөө боюнча маалымат алууга аракет кылган.

Айыптоо Саркозинин бул ишке катышы боюнча адвокаты Тьерри Эрцог менен телефондон сүйлөшүүсүн далил катары көрсөттү. Экс-президент менен бирге адвокаты Тьерри Эрцог да үч жылга кесилди.

Николя Саркозиге айыпталган сот иштери муну менен аяктабайт. 2012-жылдагы шайлоо кампаниясын каржылоого байланыштуу кийинки сот ушул айга белгиленген. Николя Саркози Францияны 2007-2013-жылдары башкарган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн