Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мурдагы спикерлерге депутаттардыкындай артыкчылык берүү сунушталды

20.03.2024 11:50
289
Мурдагы спикерлерге депутаттардыкындай артыкчылык берүү сунушталды


Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлерине "экс-төрага" статусун ыйгарып, депутаттардыкындай артыкчылыктарды берүү сунушталды. Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.


Документте экс-төрага менен анын жубайына дипломатиялык паспорт берүү, акысыз медициналык кызматтарды алуу жана аэропорттордун, темир жолдордун VIP-залдарын акысыз колдонуу укугу каралган.


Авторлор мындай статус спикерлерге коомдук-саясий турмушка жигердүү катышууга жана саясий системанын туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгилеген.


Эгер төрага соттолуп кетсе, анда "экс" макамынан ажыратылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн