Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:16
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды

18.01.2021 14:06
1108
Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды

Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев журналисттер менен жолугушууда билдирди.


Анын айтымында, коронавирус пандемиясы учурунда социалдык блокту жана саламаттыкты сактоону көзөмөлдөгөн бардык аткаминерлер суракка чакырылат.


Финполициянын тергөө бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Рисбаев козголгон иштин алкагында экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кубатбек Бороновдун, мурдагы вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилованын, мурдагы саламаттыкты сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев менен Абдикарим Сабиржановдун, ошондой эле экс-каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жоопкерчилиги каралып жатканын айтты.


Өндүрүштү эки бөлүккө бөлдүк: пандемияга даярдануу жана ага каршы күрөшүү”, – деди ал.


Мындан тышкары, коронавирус пандемиясы учурунда алынган жардамды бөлүштүрүү маселеси өзүнчө өндүрүштө каралып жатканын кошумчалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн