Бүгүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка кирип чыккан экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова сурак эмне тууралуу болгонун айтты. Бул тууралуу ал 24.кг агенттигине билдирген.
"Сурак пандемияга даярдык иштери боюнча болду. Процесс негизи стандарттык түрдө өттү. Тергөө купуялыгын сактоо боюнча кол койдум. Мени дайыма байланышта болууга жана мамлекеттен чыкпай турууга чакырды. Менин оюмча суракка дагы чакырса керек. Күбө катары сурак бердим", - деди Өмүрбекова.
Эске салсак бүгүн мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова да Финполго сурак берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн