Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Батукаевдин иши: Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салынды

23.06.2020 15:56
1450
Батукаевдин иши: Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салынды


Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов бүгүн, 23-июнда мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага карата өкүм чыгарды. 


Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароодо судья Индира Жолдубаеваны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (коррупция) менен күнөөлүү деп таап, аны 5 млн сом айыпка жыкты. Ошондой эле, аны класстык чиндеринен жана наамдарынан толугу менен ажыратты. 


Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну сураган.


Индира Жолдубаева Алмазбек Атамбаевдин тушунда президент аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, башкы прокурор болуп эмгектенген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн