Ultimate Fighting Championship уюму 30-майда Лас-Вегас шаарында өтүүчү UFC on ESPN 9 турнирине катышуучу мушкерлердин тизмесин жарыялады.
Мелдеште кыргызстандык мушкер айым Антонина Шевченко сиңдисинен жеңилген Кэтлин Чукагян менен беттешери белгилүү болду. Ал эми турнирдин негизги беттешинде Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс жана Благим Иванов менен Аугусто Сакаи кез келмекчи.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айында өткөн UFC 247 турниринде Чукагянды Валентина Шевченко утуп алган.
Америкалык мушкер айым UFC on ESPN 9 турниринен кийин эже-сиңди Шевченколор менен таймашкан алгачкы спортчу болот. 35 жаштагы Антонина Шевченко профессионалдык рингде 9 беттеш өткөрүп, анын сегизинде жеңишке жеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн