Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу ден соолугу начарлап, ооруканага түштү

18.02.2022 11:41
787
Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу ден соолугу начарлап, ооруканага түштү

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу бүгүн, 18-февралда Москва шаарында Eagle Fighting Championship 45 (EagleFC45) турниринде беттешке чыкмак.


Мушкердин машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдиргендей, Бусурманкул Абдибаит уулунун атаандашы алмашканына байланыштуу салмакты түшүргөн.


“Таңга маал ден соолугунун оордоп кетишине байланыштуу тез жардам чакырууга мажбур болдук. Азыркы маалда ал ооруканада жатат”, - деп жазат Чекиров.


Машыктыруучусу кошумчалагандай, Абдибаит уулунун беттешке даярдыгы толук кандуу жакшы өткөн.


Эскерте кетсек, Бусурманкул Абдибаит уулу 18-февралда Москвада EagleFC45 турниринде жарым жеңил салмакта чемпиондук курун коргоо үчүн Жасулан Акимжан менен беттеш өткөрмөк. Бирок Жасулан Акимжан саламаттыгын байланыштуу октаганго чыга албай калганда кыргызстандык мушкердин атаандашы россиялык Расул Магомедовго өзгөргөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн