Мушкер Дастан Шаршеев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев өзү билдирди.
“Урматтуу калайык. Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын”, - деген облустун жетекчиси.
Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда Ысык-Көл облусунун губернатору болуп дайындалган.
Пикирлер (2)