UFC турнири боюнча жеңил салмактагы мушкер Рафаэль Физиев Кыргызстандан көчүп кетүүнү пландап жатканын айтып чыкты.
Анын айтымында, акыркы окуялардан кийин аны менен Кыргызстандын эч бир байланышы калган эмес.
"Мага жана үй-бүлөмө болуп жаткан ар кандай басым жана коркутуулардан кийин мени менен Кыргызстандын эч кандай байланышы калган жок.
Мен Кыргызстандан көчүп кетүүнү туура көрүп турам. Мындан ары рингге Кыргызстандын байрагы менен чыкпайм",- деди мушкер.
Эскерте кетсек, Физиев өзүнү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ирактагы ыйык жерлердин бирине зыярат кылып келүүнү сунуштаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн