Кулжа 29, 2024
Убакыт: 09:49
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Мусулман мамлекеттеринин президенттери Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттукташты

31.07.2020 12:13
1579
Мусулман мамлекеттеринин президенттери Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттукташты


Кыргызстан элин жана президент Сооронбай Жээнбековду бүгүнкү Курман айт майрамы менен ондой мусулман мамлекеттеринин башчылары куттукташты.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын катарында Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Бирикккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян, Афганистан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Алжир Демократиялык Республикасынын президенти Абдулмажид Табун, Оман султаны Хайсам бин Тарик жана Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Аль Сиси бар.


Куттуктоо телеграммасын жөнөткөн мамлекеттердин президенттери Кудайга берилгендиктин жана Кудайдын чексиз боорукерлигинин белгиси болгон жаркын Курман айт майрамы менен куттукташкан. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековго ден соолукту, ийгиликтерди, ал эми Кыргыз элине бакыт-таалай жана бакубатчылык тилешкен.


Алар Курман айт майрамы кылымдардан бери гуманизмдин жогорку руханий баалуулуктарын, боорукерлик менен кайрымдуулукту символдоштуруп келе жаткан эң сонун майрамдардын бири болуп саналаарын белгилешкен жана бул ыйык майрам бардык мусулман элдеринин ортосундагы биримдик менен ынтымакты мындан ары дагы бекемдерине чын дилден ишеним артышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн