Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:35
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Муз ордунан жылды». Отуз жылдан берки чек ара маселеси эми чечилүүдө

05.04.2021 11:47
1147
«Муз ордунан жылды». Отуз жылдан берки чек ара маселеси эми чечилүүдө


Мамлекет башына жаңыдан келген бийлик өз ишмердүүлүгүн өзгөчө талылуу маселе болуп саналган мамлекеттик чек араларды биротоло тактап алуу багытында иш жүргүзүп жатканынын өзү кубанычтуу көрүнүш. Отуз жылдан бери карай бул маселенин улам артка жылдырылышы чек арага жакын жашаган аймактардагы эки өлкөнүн жарандарынын маал-маалы менен жарала калуучу чыр-чатактарынын себеби болуп келатат.


Негизи эле толук кандуу көз карандысыз мамлекет болуу үчүн такталып сызылган чек аралар болушу шарт. Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышы иштеп турганда. Ал кездеги депутат Зайнидин Курманов мамлекеттик чек аралардын такталышынын маанилүүлүгү тууралуу өтө таасын пикир айткан эле. «Бизде территория жок, болгону Кытай менен чек арабыз бар. Башка мамлекеттер менен чек аралар жок, демек Кыргызстанда территория жок», - деп. Албетте, ушундай эле аныктама биздин мамлекет менен чек аралары тактала элек коңшулаш мамлекеттерге да тиешелүү. Чек аралардын такталбай жатканы Кыргызстандын көз карандысыз жана суверендүү өлкө экендигине шек жаратып турат.


Коңшулаш Тажикстан менен болжолдуу түрдө 970 километрге созулуп жаткан чек аранын 510 километри гана демаркацияланган. Калганы дагы деле такталбай, натыйжада талаш-тартыштарды жаратып келет. Коңшулаш Өзбекстан менен да толук кандуу тактала элек чек аралар бар. Жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып келгенден кийин, эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек аралар 100% такталганын билдирди. Албетте, азырынча бул оозеки макулдашуу, тараптардын компромисске келишүүсү деп түшүнсөк болот. Ал эми анын баары документтешүүсү үчүн алдыда дагы бир топ убакыт бар.


Биз баарыбыз эле чек аралардын эртерээк такталышын жана көбүрөөк биздин кызыкчылыкка шайкеш келишин каалайбыз. Ошондой эле каалоо коңшулаш өлкөлөрдүн жарандарында да бар. Ушунун өзү чек араларды тактоо канчалык татаал, оор процесс экендигин түшүндүрүп турат. Андыктан эки өлкө ортосунда чек ара маселесине байланыштуу кандай гана макулдашуулар болбосун, аны колдогондор да, ошол эле убакта нааразы болгондор да чыгат. Талаштуу аймактар боюнча эки өлкөнүн тең колдорунда өздөрүнө ылайыкталган документтер, чындыктары бар. 


Ошентсе да акыры бир күнү мамлекеттик чек аралардын такталышы керек. Болбосо, улам жаңы көйгөйлөр жарала берет. Улам жаңы, өзүбүздүкү деп ишенимдүү айтып келген жерлерди жогото беришибиз мүмкүн. Ушул өңүттөн алганда президент С. Жапаров жана УКМК төрагасы К. Ташиевдин чек араларды демаркациялоо маселесине чечкиндүү киришкендери көңүлгө жагып турат.


Албетте, жогоруда айтып кеткендей, кандай гана чечимдер кабыл алынса да, нааразы болгондор табылат. Бирок, демаркация маселесин чечүү үчүн эки тараптан тең компромисске барууга туура келе турганын түшүнүү керек. Мындай кадамга баруу чечим кабыл алып жаткандар үчүн оңой эмес кадам. Ошондон улам К. ТашиевБаткен облусундагы Бирлик айлынын эли менен жолугушуусунда бекеринен: «Кийин бизди адамдар колу менен көрсөтүп, кыргыз жерлерин сатышкан деп айтууларын мен дагы, президент Садыр Жапаров дагы каалабайт» деп айтпаса керек.


Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араларды коргоо Башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Назирбек Бөрүбаевдин маалымат каражаттарынын бирине курган маегине таянсак, бүгүнкү күндө Тажикстан менен 60% чек ара такталган, эми өтө татаал участкалар калган. Арасында шахматтык тартипте жайгашкандары да бар. Биздин айрым жарандарыбыз Тажикстандын территориясында, ал эми алардын айрым жарандары биздин территорияда жашап жатат. Ушундан улам чек араларды тактоо кыйындыкка туруп келет.


Мындай татаал участкаларда чек араларды тактоо үчүн кайсы бир деңгээлде карапайым жарандар да запкы тартат. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн баары бир тактоого туура келет. Мындай учурда жарандарды башка жакка көчүрүү, аларга материалдык компенсация төлөп берүү, турак-жай менен камсыздоо маселеси каралышы керек.


Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин кыргызө-збек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталганы да кубандырат. Коңшу өлкөнүн президенти Ш. Мирзиеевдин да чек араларды тактоого кызыкдар болуп жатканы байкалууда. Демек, мындай учурдан эки өлкө тең пайдаланып, чек араларды акыр-аягына чейин тактап алуусу маанилүү.


Албетте, эл ичинде айтылып жаткан нааразычылыктарга да көңүл буруу керек. «Нааразычылыктар боло берет» деп таптакыр эле көңүл бурбай коюу да туура эмес. Өзгөчө Чечме булагына байланыштуу. К. Ташиевдин айтымында, булак эки өлкөнүн тең айылдары үчүн ачык болот. Чечме айылынын жашоочулары, өзбек тарап ал жерге аскерлерин киргизип, булактын территориясын жаап коюшат деп кооптонуп жатышат. Биздин бийлик андай болбой турганын айтууда. Мамлекеттер ортосундагы карым-катыш – татаал процесс. Ал көптөгөн факторлордон көз каранды. Дагы тагыраак айтсак, мамлекеттин башында тургандардан көз каранды. Балким, эки өлкөдөгү учурдагы бийлик өкүлдөрү турганда, булакты падаланууда маселе жаралбашы мүмкүн. А башка бийлик келип калса кандай болот? Андыктан бул участокту делимитациялоо боюнча келишимде бардык кырдаалдар эске алынышы зарыл. Кандай гана бийлик болбосун, ал жерге эч качан аскерин киргизбей тургандай келишим кабыл алынышы шарт.


Ал эми Үңкүр-Тоого байланыштуу кабыл алынган чечим кубанычтуу.


Ал эми Тажикстан менен чек араларды тактоо бир топ татаал болуп турганы байкалууда. К. Ташиевдин Тажикстандын Ворухун Кыргызстандын Баткен облусунан жерге алмаштыруу тууралуу сунуш айтканына коңшу өлкөнүн тажрыйбалуу эле дипломаты Хамрохон Зарифинин агрессивдүү реакциясын баарыбыз байкадык. Дүйнөлүк тажрыйбада мындай анклавдарды алмашуу жолу менен чек араны чечүү фактылары бар. Анан буга мынчалык туталана реакция жасаган тажик экс-дипломатынын кадамына түшүнүү кыйын. Ага К. Ташиев токтоо, салабаттуу гана жооп кайтарды. Мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык мамиле дал ушундай токтоолукту талап кылат. Эмнеси болсо да, муз ордунан жылды окшойт. Толук кандуу көз карандысыз өлкө болуш үчүн мамлекеттик чек араларды экинчи кайрылбай тургандай кылып чечип алганыбыз оң. Бул өлкөнүн коопсуздугу, бүтүндүгү жана өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн