Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Музей менен ипподромдогу материалдык чыгымды өндүрүп бербей жатышат, - УКМК

21.05.2020 11:33
1022
Музей менен ипподромдогу материалдык чыгымды өндүрүп бербей жатышат, - УКМК


Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-майда өтүп жаткан жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун жана Тарых музейиндеги коррупциялык жоготууларды өндүрүп алуу боюнча тергөө иштеринин жүрүшүнө кызыкты.

Анын айтуусунда, негизги максат - кылмыш иштерин козгоп, соттоп жибериш эмес. Президент Сооронбай Жээнбеков айткандай, муну менен чогуу жоготууларды мамлекетке өндүрүп алуу керек.

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысынын маалыматына ылайык, ипподром менен музейдеги жоготуулар толугу менен тастыкталган. Ишке тиешеси бар кызмат адамдарына сот тарабынан айып коюлган,  алар тилекке каршы мойнуна алган эмес. Өз ыктыярлары менен мамлекетке чыгымдарды кайтарып беришкен жок. Бирок мыйзамга ылайык, алардын мүлктөрү камакка алынган.

Ошондой эле, депутат Коопсуздук комитетинин тергөө кабинетинен жоголуп кеткен 200 млн сомдун тагдыры эмне болуп жатканын сурады.   

"Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, сот тарабынан эки жолку инстанцияда өкүм чыккан. Соттун чечимине ылайык, 200 млн сом конфискацияланып, мамлекеттин кирешесине которулган", - деп билдирди УКМК өкүлү. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн