Мьянмада демонстрацияга чыккандарды аскерлер аткылоого алып, кеминде эки адам каза болуп, жабыркагандардын саны белгисиз. Бул тууралуу"Анадолу" агенттиги жазды.
Мандалай шаарында аскердик төңкөрүшкө нааразычылык билдирип, нааразычылык акциясына чыккандардын тобу көчөгө чыгышты.
Мьянмадагы армия жана полиция демонстранттарды таратууга аракет кылып, элге ок чыгарган.
Күбөлөрдүн айтымында, кеминде эки адам каза болуп, алтоо жаракат алган.
Коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүнүн натыйжасында демонстранттар Мандалай шаарындагы аянтты таштап кетишти.
Ошентип, полициядагы зомбулуктун курмандыктарынын саны үчкө жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн