Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мьянма полициясы Азиядагы эң ири көлөмдөгү баңгизатты кармады

19.05.2020 17:15
737
Мьянма полициясы Азиядагы эң ири көлөмдөгү баңгизатты кармады


Мьянманын полициясы Шан штатында Түштүк-Чыгыш Азиядагы ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизатты кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, 20-февралдан 9-апрелге чейин аскер операциясынын учурунда 18 тонна метамфетамин, 3,7 миң литр метилфенталин, 35,5 тонна жана 163 миң литр прекурсордук заттар табылган.


 БУУнун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда кармалып алынган заттар Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң ири партия.


Мындан сырткары, операция учурунда Куткай шаарында баңгизаттарын чыгарган төрт лабораториянын иши аныкталып, курал жарак сактаган жер жана тыюу салынган затты сатууга 33 шектүү кармалган.


Ал эми аталган өлкөнүн куралдуу күчтөрү операция АКШнын баңгизатка каршы күрөшү башкармалыгынын (DEA) кызматкерлери жана  Австралиянын Федералдык полициясы менен бирге уюштурулганын айткан.


Ошондой эле, 17-май күнү Шан жна Ракхайн штаттарында суммасы 1,21 миллион долларды тузгөн баңгизаты кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн