Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:57
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мьянмадагы митингде 247 адам каза болду

22.03.2021 13:20
1127
Мьянмадагы митингде 247 адам каза болду

Мьянмада акыркы 24 саат ичинде аскердик төңкөрүшкө жана мыйзамдуу өкмөт мүчөлөрүн камакка алууга каршы нааразычылык акцияларын таркатуу учурунда 23 адам каза болду.


Мьянманын саясий туткундарга жардам берүү ассоциациясы (AAPP) билдиргендей, ишемби жана жекшемби күндөрү Янгон, Аунбан, Такета, Баго жана Пахоку сыяктуу бир катар ири шаарларда нааразычылык акциялары уланган. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн чыныгы окторду колдонушкан. Натыйжада 23 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алышкан.


Ошентип, аскердик төңкөрүш башталган күндөн берки нааразычылык акцияларында каза болгондордун жалпы саны 247ге жетти, 2345 адам кармалган, алардын ичинен 1994 адам дагы деле камакта.


Социалдык тармактарда тараган кадрларга караганда, аскер кызматкерлери демонстранттардын үйлөрүнө кирип, тоноп жатышат.

Социалдык тармакка таратылган видеолор өчүрүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн