Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 09:35
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

NAMA фонду 10 мектепке ири санда техникалык жардам көрсөттү

03.09.2021 09:21
490
NAMA фонду 10 мектепке ири санда техникалык жардам көрсөттү

2-сентябрда Бишкек шаарында “Мектептердеги окуу чөйрөсүн жакшыртуу” долбоорунун алкагында республиканын ар кайсы аймактарындагы 10 мектепке мектеп жабдууларын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


NAMA эл аралык фонду “Ала-Тоо өнүктүрүү борбору” коомдук фонду жана «NICE Кыргызстан» эл аралык программаларды интеграциялоо борбору менен өнөктөштүктө өлкөнүн ар кайсы региондорундагы 10 мектепке ири сандагы мектеп жабдууларын тапшырды:

Ноутбук – 18 даана,

Көп функциялуу принтер (МФУ) – 7 даана,

Проектор – 22 даана,

Смарт телевизор – 16 даана,

Интерактивдүү доска – 26 даана,

Түстүү принтер – 4 даана,

Проектор үчүн экран – 2 даана,

Стол үстүнө коюлуучу компьютер – 19 даана,

Мектеп партасы – 205 комплект,

Мугалимдин столу – 13 даана,

Мугалимдин отургучу – 21 даана,

Китеп тизчү шкаф – 1 даана.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн