1-апрелде Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Финляндиянын НАТО уюмуна мүчөлүгү жөнүндө документти ратификациялады.
Маалым болгондой, тиешелүү документ Түркиянын Resmi Gazete'синде жарыяланды.
Ушуну менен Финляндиянын альянска мүчө болушун бардык 30 өлкө жактырды. Эми Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна эч кандай тоскоолдук калган жок.
Финляндия расмий түрдө альянска киргенден тарта НАТОнун чек арасы Россия Федерациясынын чек арасы менен чектешет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн