Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:52
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

НДПК добуш сатып алды делген видео ойдон чыгарылып жасалган, - Илим Карыпбеков

20.04.2021 11:35
1816
НДПК добуш сатып алды делген видео ойдон чыгарылып жасалган, - Илим Карыпбеков


НДПК партиясын добуштарды сатып алды, деп негизсиз айыптап жатат. Бул тууралуу аталган партиянын жетекчиси Илим Карыпбеков “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


Анын айтымында, бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына доо-азыр менен кайрылышкан. Учурда жыйынтыгын күтүп жатышат.


“БШК 2-3 күндүн ичинде карап берет деп күтүп жатабыз. Бизге чечим чыгарып берсе, андан ары шайлоого катыша беребиз. Эгерде Боршайком биз тарапка чечип бербесе, сотко кайрылабыз. Соттор мыйзамдуулукту коргоп берет, акыйкат чечим чыгарат деп ишенебиз. Себеби, добуш сатып алды делген видео ойдон чыгарылып жасалган жана негизсиз, эч жүйөсүз доомат”, - деп белгиледи Илим Карыпбеков.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов 18-апрелде НДПК партиясын добуш сатып алууга айыптап шайлоодон четтетке болчу. Бирок аталган партиянын мүчөлөрү бул чечимге макул эместигин билдиришүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн