Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:09
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

НДПК партиясын шайлоодон четтетүү үчүн БШКга басым болуп жатабы?

22.04.2021 19:06
2120
НДПК партиясын шайлоодон четтетүү үчүн БШКга басым болуп жатабы?

НДПК партиясын шайлоодон четтетүү үчүн БШКга басым болуп жатат. Бул тууралуу НДПК партиясынын кайрылуусунда айтылат.


Партиянын билдиришинче, НДПК партиясын атайын өткөрбөө үчүн БШКга басым болуп жатат.


"НДПК партиясынын өкүлдөрү тарабынан добуш сатып алуу боюнча күбө катары каралып жаткан Юлия аттуу айымды Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери жумушна келип, оозго алгыс сөздөр менен ага басым жасап, каршы көрсөтмө алууга аракет кылган. Партия муну анык каршы көрсөтмө берүү үчүн болгон аракет деп баалайт.


Мындан сырткары, НДПК партиясы БШКга АШКнын чечимине каршы арыз бергенине бүгүн 3 күн болот. Бирок БШКнын ыкчам чара көрүү комиссиясы маселени күн тартибине да коё элек.


БШКнын мүчөлөрүнө айрым күчтөр тарабынан АШКнын чечимин күчүндө калтыруусу үчүн болуп көрбөгөндөй басым болуп жатат.


НДПК партиясы БШКга 14 миңден ашык шайлоочунун кызыкчылыгын бир саясий топтун кызыкчылыгынан бийик коюуга чакырат. Ошондой эле, тез арада НДПК тарабынан берилген арыз карап чыгууну талап кылат",- деп жазылат НДПКнын кайрылуусунда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн