Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нургүл Ибраева: Өлкөдө учурда 568 ИВЛ аппараты, 8328 кычкылтек аппараты бар

28.09.2020 15:53
911
Нургүл Ибраева: Өлкөдө учурда 568 ИВЛ аппараты, 8328 кычкылтек аппараты бар


Кыргызстанда азыркы күндө 568 ИВЛ аппараты жана 8328 кычкылтек аппараты бар. Бул тууралуу медициналык жардам жана дары-дармектер саясаты башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди. 


Анын айтымында, каржы министрлиги менен биргелешип, борборлоштурулган суюк кислородду киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. 


"Эгерде, саламаттык сактоо уюмдары суюк кислород менен иштей турган болсо, кычкылтек концентраторлоруна көп колдонулбайт. Компьютердик томография боюнча 7 аппараты жакында келет жана облустарга бөлүштүрүлөт. Ошондой эле, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Улуттук госпиталга комьютердик томография орнотуу пландалууда", - деди Нургүл Ибраева.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн