Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Надира Нарматова менен чырдашкан журналистке Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынды

18.05.2022 15:10
903
Надира Нарматова менен чырдашкан журналистке Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынды

Бүгүн, 18-майда SuperTV телеканалынын журналистине Жогорку Кеңешке журналисттик милдетин аткаруу үчүн кирүүгө тыюу салынды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Мындай чечим Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана SuperTV телеканалынын журналистинин ортосунда чыккан чырга байланыштуу кабыл алынган.


Жогорку Кеңештин маалымат катчысы журналистти сүйлөшүүгө чакырган. Бирок алар сүйлөшүүдөн баш тарткан


 

Эске салсак, буга чейин 11-майда Жогорку Кеңештин имаратында депутат Надира Нарматова тарабынан SuperTV телеканалынын журналистине орой мамиле кылынып, адамдык аброюна шек келтирилген. Андан сырткары, депутат тарабынан журналистке коркутуу жана физикалык басым орун алган. Ошол күндөгү окуя боюнча айтсак, журналист сюжет даярдап жатып, ашканада отурган депутаттарга сураныч иретинде кайрылган. Ал суранычына жөн гана “ооба” же “жок” деген жоопту айтуунун ордуна депутат Нарматова тарабынан журналистке жогоруда айтылган агрессивдүү аракеттер орун алган. 


SuperTV телеканалы депутат Нарматова жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кечирим сурабаса, сотко кайрыларын эскертет.      


SuperTV телеканалы жалпыга маалымдоо каражаттарынан медиа колдоо көрсөтүүнү суранат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн