Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Наманган Бишкекке 500 даана гүл берет

25.05.2022 16:29
1014
Наманган Бишкекке 500 даана гүл берет

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн 61-эл аралык гүл фестивалына катышты.


Бишкек мэриясынан билдиришкендей, сапардын жыйынтыгында Бишкекке 500 миң гүл тартуулоо келишими түзүлдү. Гүлдөрдү борборго отургузуу үчүн 100 багбан келет.


Ошондой эле Бишкек шаары менен Наманган шаарынын ортосунда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Документтин алкагында тараптар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармагында үзгүлтүксүз маалымат жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүп, өз ара кызматташат.


Маалымдама: Фестиваль Наманганда 1961-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Өзбекстандын гүл маданиятынын байлыгын чагылдырат.


Меймандарга гүлдүн 60 миңден ашык түрү көрсөтүлдү. Фестивалга карата жалпысынан 300 түрдөгү 16 млн гүл отургузулду. Ошондой эле меймандар ар кандай гүлдөр менен кооздолгон автоунаалардын парадына күбө болушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн