Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Наманган облусунун губернатору эми контейнерде жашайт

21.02.2021 13:27
2145
Наманган облусунун губернатору эми контейнерде жашайт

Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаков эми "Бунёдкор" аймагында жашамакчы. Анткени анын иши президент Шавкат Мирзиёевдин аймакка болгон иш сапарында катуу сынга кабылган.


Обладминистрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Абдуразаков контейнерде жашоо чечимин аймактын жашоочулары менен жолугушууда билдирген.


«Мен күн сайын ушул жерде  силердин кошунаңар болуп жашайм. Менин үйүм аймактык комитеттин маңдайында жайгашкан. Бүгүн бул жерге "Облус губернаторунун үйү" деген жазуусу бар контейнер орнотулат" ,- деди Абдуразаков.


Маалыматка таянсак, 20-февралдын таңынан баштап жүздөгөн жумушчулар жана ыктыярдуу адамдар аймакты көрктөндүрүүгө тартылган. Аймакта эскилиги жеткен имараттарды оңдоо иштери да башталды.


Эске салсак, 19-февралда Мирзиёев күтүлбөгөн жерден  Наманган облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бунёдкор аймагына келген.  Сүйлөшүү учурунда тургундар өкүнүчтүү жагдайга байланыштуу президентке ичүүчү суу жок, ички жолдор начар абалда, ал эми квартал жакшы каралбай жатат деп арызданган.


Булак: Борбордук Азия

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн