Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге түрмөдөн чыгуу жолун сунуштады. Бул тууралуу ал fakt.kg маалымат каражатына берген маегинде белгилеген.
"Алмаз Атамбаев 17 кылмыш ишине айыпталып жатат. Алмаз Шаршеновичте акча толтура, бери дегенде эле 1,5 -2 миллиард доллары бар, мен аны кайдан алганын билем. Бетине да коюп бергем. Ким канча бергенин самолётто отуруп Алмаз Шаршеновичке айтып бергем. Ошонун көп болсо жарымын төлөп коёт. Балдарын барын чыгарып, өзү да чыгып, үйлөрүнө отура берсин" - деген экс-мэр.
Пикирлер (4)