Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Нариман Түлеев БШКнын чечими боюнча пикирин билдирди

20.05.2021 10:24
804
Нариман Түлеев БШКнын чечими боюнча пикирин билдирди

Мен БШКнын Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин колдойм. Мындай пикирин "Ак Бата" партиясынын лидери Нариман Түлеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, БШК олигархтардын оюнчугу эмес экенин көрсөттү.


"Катуу күрөш болду, кимдин ким экени билинди. Салымбековдун "Эмгек" партиясы бүтүндөй шайлоо өнөктүгү учурунда кандай ыплас жол менен жеңишке жеткенин көрдүк. Мындай шайлоолор менен биз өнүгө албай жатабыз. Ыплас шайлоолорго биротоло чекит коё турган мезгил келди. Бүгүн чындык жеңди.


Укук коргоо органдары бардык "Эмгек" партиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшериши керек. Эң башта азыркы ыплас шайлоого жол ачкан Аскар Салымбековдон башташ керек",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн