Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тартты

22.10.2020 09:11
993
Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тартты


Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу анын кайрылуусун мэрия жарыялады. 


Анда ал өткөн жумада Азиз Суракматов андан кызматка келүүсүн өтүнгөнүн, ошондуктан Бишкек шаарынын биринчи вице-мэр кызматына макул болгондугун билдирген. 


Ошондой эле, ал ишке киришелек жатып, ар кандай топтордун оюндары жүргөнүн белгиледи. 


Нариман Түлеев премьер-министр Садыр Жапаров менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир чечимге келишип, эми шаардык кеңештин мөөнөтү аяктаганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара тургандыгын билдирген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн