Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Нарын, Ысык-Көл жана Баткенде жер титирөө катталды

13.07.2020 09:47
899
Нарын, Ысык-Көл жана Баткенде жер титирөө катталды


Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облусутарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 12-июль күнү саат 06:28де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.


Ошондой эле 12-июль күнү саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жана Каракол шаарыда 2,5 баллга чейин сезилген.


Мындан сырткары, 13-июль күнү саат 01:05те Кыргызстан менен Тажикстандын чегинде очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Лейлек районунун Алга, Жеңиш, Ак-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.


Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн