Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарын-Торугарт жолунда 48 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Нарын-Торугарт жолунда 48 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды


  3-декабрда саат 01:48 чамасында Бишкек – Нарын - Торугарт унаа жолунун 24-чакырымында жеңил унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.


Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы С.Д.Г. аттуу эркек киши алган жаракатынан улам каза болгон.


Ал эми 9-декабрда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууга шектелип “Мазда” үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы Г.А.А. аттуу айдоочусу кармалган.


Унаа айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн