Бугу 03, 2024
Убакыт: 08:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

“Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушунан 17 млн сомдон ашык зыян келтирген мамкызматкер кармалды

“Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушунан 17 млн сомдон ашык зыян келтирген мамкызматкер кармалды

Кечээ, 16-декабрда УКМК коррупцияга каршы күрөшүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти кантролдоо агентигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталгандай, кармалган Т.К.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталган.


Кармалган адам Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн