14-июнь
күнү Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигитти Өзбекстандын
аймагында издөөдө. Бул тууралуу Өзгөччө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында 14-июнь күнү Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигитти издөө иш-чаралары туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде 16-июнь күнү кечинде токтотулган.
20-июнь күнү ӨКМнын катынын негизинде Өзбекстандын ӨКМнин 10 куткаруучусу өздөрүнүн аймагында издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Издөө иштери бүгүн, 22-июнда улантылары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн