Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Нарын хоккей лигасынын кубогуна арналган чемпионат башталды

19.12.2022 12:32
951
Нарын хоккей лигасынын кубогуна арналган чемпионат башталды


Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы жабык муз аянтында Нарын хоккей лигасынын кубогуна арналган чемпионат старт алды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортук мелдешке Бишкек шаарынан, Ысык-Көл облусунан жана Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы райондорунан, Нарын шаарынан 7 команда катышууда.

Иш-чаранын ачылышына Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Нарын хоккей лигасынын президенти Бакыт Жумагулов жана Нарын шаарынын коомчулугу, хоккей күйөрмандары катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн