Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарын облусун суу менен камсыздоого 32 млн доллар бөлүнөт

29.04.2020 17:39
1288
Нарын облусун суу менен камсыздоого 32 млн доллар бөлүнөт


Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 29-апрелде "Кыргызстан жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.


Ага ылайы Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32.9 млн АКШ доллары бөлүнүүдө.

Азия өнүктүрүү банкынын атайын фондунан 13.7 млн АКШ доллары грант түрүндө бөлүнсө, 13.7 млн доллары насыя болот, кыргыз өкмөтү тарабынан 5.5 млн доллар өлчөмүндө кош каржылоо жасалып, бул каражат салыктарга жана долбоорду ишке ашырууну колдоого жумшалат.

Азия өнүктүрүү банкынын насыя берүүдөгү финансылык шарттары: насыя 32 жылга, анын ичинде 8 жылга 1% жана 1.5% үстөк коюлуп, жеңилдетилген мөөнөткө берилет. Долбоорду аткаруу мөөнөтү 6 жыл.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн