Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарын облусунда 12 санитардык-карантиндик посттор иштеп жатат (фото)

06.04.2020 12:31
973
Нарын облусунда 12 санитардык-карантиндик посттор иштеп жатат (фото)


Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Нарын облустук ИИБдин өздүк курамы фильтрациялык, сантитардык – карантин постторунда, шаар жана айыл аймактарында кызмат өтөп жатышат.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, облустун жалпы аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилген.


Азыркы учурда Нарын облусунун аймагында 12 санитардык-карантиндик посттор коюлган: Алар Нарын шаарында - 3, Нарын районунда - 2, Ат-Башы районунда - 3, Ак-Талаа районунда - 1, Кочкор районунда - 1, Жумгал районунда – 2.


Бул жерлерде күнү-түнү ички иштер органдарынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга багытталган бирдиктүү иштерди алып барышууда. Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте 77 фильтрациялык посттор менен мобилдик топторду уюштурушкан.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн