Теке 27, 2024
Убакыт: 09:17
USD
EUR
RUB

Нарын облусунда башталгыч класстан тарта IT окутула баштайт

17.05.2024 13:09
513
Нарын облусунда башталгыч класстан тарта IT окутула баштайт


Нарында башталгыч класстан тартып IT программалары боюнча сабактарды киргизүү тажрыйбаланат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Азыркы учурда дүйнөлүк практикада бардык башталгыч класстарга IT программалары боюнча сабактар өтүлөт. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун мектептерине дагы башталгыч класстардан баштап IT программаларын киргизүү аракети колго алынууда. Бул маселеде эл аралык тажрыйбасы бар IT компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алардын жардамы менен жүзөгө ашканы турат.

"Сорос-Кыргызстан" фондунун изилдөөлөрү боюнча, 2025-жылга чейин Кыргызстанга 50 миңге жакын IT адистер керек.

IT программалары боюнча сабактарды киргизүүнүн негизги максаты Нарын облусундагы жаштарга IT тармагында жаңы инновациялык билимдерди калыптандырып, жалпы билим берүү системасына реформа жасоого түрткү берүү болуп саналат.

Анын үстүнө акыркы мезгилдердеги статистикалык маалыматтарга ылайык, техникалык кесиптерди жаштар аз тандоодо. Ошого байланыштуу жаштарды бир гана IT тармагына эмес жалпы техникалык кесиптерге багыттоо учур талабы.

Жаштарга жаңы технологиялар менен сапаттуу билим берүүнүн натыйжасында дүйнөлүк атаандаштыкка туруктуу келечекти түзө алабыз.

Бүгүн, 16-майда президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө IT программасын мектептерге киргизүү боюнча жыйын өткөрүлүп, билим берүү тармагынын, IT компанияларынын өкүлдөрү, мектеп директорлору менен бирдикте бул маселе кеңири талкууланды.

Иш-чарада президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, аппараттын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Нурсултан Кубанов тарабынан билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө маалыматтар берилип, алдыдагы иш аракеттер мерчемделди. Ошондой эле "IT парк" академиясынын өкүлдөрү бүгүнкү күндөгү жаңы технологиялар боюнча маалымат беришти.

Бул демилгенин негизги максаты аймактарда туруп дүйнө жүзү менен иштешүүгө шарт түзүү. Демилгени Нарын облусунда пилоттук негизде ишке ашыруу боюнча Билим берүү министрлигине сунуш берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн