Баш оона 22, 2025
Убакыт: 00:19
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун беш тилкесинде болжол менен 10 миң куб метр кар көчкү түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында беш куткаруучу, бир унаа, бир грейдер, эки жүктөгүч, эки самосвал, бир жүктөгүч тартылган.

Мындан сырткары, жогоруда аталган унаа жолдун 265 жана 314-чакырымында милиция кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыргандар жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн