Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусунун жетекчилигине президенттин жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровду тааныштырды.
Эдил Байсалов жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдүн алдында турган негизги милдеттерди белгиледи.
Артыкчылыктардын ичинен облуска инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, ошондой эле Нарын облусунун туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылуу маселелерин баса белгиледи.
Ал Нурбек Сатаровго коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалап, анын кесипкөйлүгүнө ишенерин билдирди
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн