Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Нарын "Республиканы" колдойт!

24.09.2020 17:59
1005
Нарын "Республиканы" колдойт!


"Республика" партиясы бүткүл өлкө боюнча шайлоочулар менен жолугушууларды улантууда. Нарын облусунун тургундары депутаттыкка талапкерлерди жылуу тосуп алышып, алардын шайлоо программасы менен таанышышты. Партиянын акыркы он жылдагы ийгиликтүү ишке ашырылган демилгелери  жөнүндө сөз алган "Республиканын" лидери Мирлан Жеенчороев, парламентке келгенде да бул оң жолдон бурбай,  максатына жетүүгө убада берди:

“Биз да сиздердин ишенимди актап, айткан убадаларыбызды так аткарууга аракет жасадык, биз олуттуу реформалык кадамдарга бардык. 2015-жылга чейинки унааларды техкароодон өткөрүү, ишеним кат берүү деген коррупциялык схемаларды кыркып, 140-200 миллион сом сиздердин чөнтөктө калганын айтпаганда деле, өткөн чакырылышта биз бюджетти экономдоо боюнча аракеттерди көрдүк. Биз парламентке келгенде депутаттык унаадан, кызматтык батирлердин, жардамчыдан баш тарткан жобо кабыл алдык. Азчылыкты түзсөк да биз өлкөдөгү маселелерди кабыргасынан коюп, ууруларды ачык атап келдик. Бүгүн кошоматчылар, уурулар, бажыдан миллиарддарды уурдагандар кайрадан саясатка, бийликке жулунуп жатышат. Алар салынбай калган жолдордон, оңдолбой турган мектептерден, каралбай калган бала бакчалардан деген акчаларын, пандемияда уурдаган акчаларын добуш сатып алганы таратып жатышат. Алардын орду саясатта эмес!", - деди Мирлан Жеенчороев


Ал эми партиялык тизменин алдыңкы сабында бараткан талапкер,  КРнын ЖКнин Алтынбек  Жунус уулу шайлоочуларды таза шайлоого, жаңылбай тандоого чакырды:

"Шайлоо күнү кабинага бюллетенди кармап киргенде сиз менен кошо эки нерсе чогуу кирет. Бирөө сиздердин абийир, бирөө Кудай. Башка эч ким  кимге добуш бергениңизди билбейт. Акчасын берип, "биз көрүп коёбуз, билип алабыз" дегендер жөн эле коркутуу, ал мыйзам бузуу.  Депутатты шайлоо бул жөн эле беш жылга аймактын  маселелерин чечүү эмес, бул өлкөнүн алдыдагы 10-20 жылдык келечегин аныктоо!  Учурда абал оор, бюджет толбой турат, пандемиянын оор залакаларынан чыга элекпиз. Эртең кандай өкмөт келет, кимдер башкарат, ички сырткы мамилелерди кимдер жөнгө салат? баары ушул парламенттен көз каранды. Сиздерге акча берип добуш сатып алгандар эртең эч кандай карыз эмес, моралдык жактан  да карыз эмес болуп калат. Аларга барсаңар "мен акчаңды бербедим беле, сатып албадым беле, эми эмне мага келип жатасың?!" деген  мамилени жасайт.  Урматтуу  элим,  келечегибизди сатпайсыздар деп ишенем", -  деди ал.


Ошону менен катар эле кесиби мугалим, алыскы Ат-Башыда эмгектенген "Республика" партиясынан алдыңкы катарда талапкер Элзат Саяк кызы да эл алдында атаандаш партияларга кайрылып, таза күрөшкө чакырык жасады:

"Отуз жылдан бери өлкөнү тоноп, элдин байлыгын уурдап келгендер уялбай эле дагы Жогорку Кеңешке баратышат. Алардын айынан келип чыккан көйгөйлөр элди кыйнап жатат. Азыр да акчанын,  бийликтин күчүно салып, элди бир айылдан бир шаарга ташып, ыплас технология менен шайлоодо добуш алгысы келген партияларга, талапкерлерге кайрылам. Элдин убалына калбагыла, кыргыз жаштарынын келечегине балта чаппагыла! Программаңарды, аткарган иштеринерди эл алдына алып чыккыла, дебаттардан качпагыла, ачык аянтта идеялардын, позициялардын күрөшүн жасап,элге чыгалы. Эл калыс болсун", - деди Элзат Саяк кызы.


Жолугушууда сөз алган "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер, журналист Тынчтык Алтымышев болсо элдин көңүлүн учурдагы өлкөнүн экономикалык абалына бурду.


"Журналист катары көп нерсени айтсам, көөнүңөрдү түшүрүп коюшум мүмкүн. Бирок, өлкө азыр кызыл чекте турат. Бюджетте акча жок. Пандемияга деп донорлор берген каражаттарды өкмөт пенсия, жөлөк пулдарга таратып коюп  отурат. 500 миллион доллар жиги жок кетти. Сыртка карызыбыз 5 миллиард доллардан ашты.

Кошуналарды карагылачы. Жарандык согушту башынан кечирген Тажикстанды карагыла, суусу бизден аз туруп энергетикалык мамлекетке айланды. Кошуна Өзбекстанды карагыла, бизден төрт эсе көп калкы менен чукул арада Орто Азияда лидерге айланды. Аларга 50-60 млрд долларлык келишимдер кирип  жатат.

Кечээ, карантинде көрдүк, килейген мамлекет клексан, гепарин деген эки дарыны таппай карайлап турду. Биз 1500дон ашык мекендешибиздин айрылдык. Билим берүү, медицина,  баардык тармактардын абалын көрдүк. Биз мындай жашоодон тажадык. Келгиле, өлкөнү өзгөртөлү, олуттуу реформаларды жасайлы,. Чукул арада жасалган реформаларды жон терибиз менен сезгидей бололу. Алдыга жолду тандайлы! Артка жол-коркунучтуу. Биз мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тандоодон жаңылбаңыздар!  “Республика” номер 14,  “Алдыга жолду тандаңыздар", - деди Тынчтык Алтымышев.


"Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту  жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык  киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. "Республика" бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто  жана кичи бизнес экономиканын негизин  түзгөндүктөн,  “Республика”  партиясынын   программасында  бул тармакка  3% насыя берүү  каралган.

 

***Буйрутмачы: "Республика" саясий партиясы. ИНН  01708200710163.

"Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн