Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 00:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Нарын районунда алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө (фото)

07.07.2020 09:56
1088
Нарын районунда алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө (фото)


Нарын районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан жугуштуу илдеттин алдын алуу, калк арасында жайылып кетүүсүнө жол бербөө, үй карантинин талаптарын, шарттарын туура аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлери менен биргеликте атайын графиктин негизинде иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.


Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, санитардык мобилдик топтор да өз ишин тынымсыз улантып, жарандар арасында санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана санитардык гигиеналарды так сактоосу боюнча Нарын районунун аймагында жайгашкан айылдарды кыдырып түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.


Бүгүнкү күндө Нарын РИИБнүн кызматкерлери, айыл өкмөт кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен биргеликте алдын алуу иштерин жүргүзүү менен түзүлгөн топ дүкөндөрдү, эл көп чогулган жерлерди, мечиттерди, ички каттамда эл ташыган таксисттерди жана жүргүнчүлөрдү тазалыкты сактоого чакырып жеринде профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн