Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Нарын районунда ири көлөмдөгү бетон заводу курулуп жатат

29.08.2024 15:49
783
Нарын районунда ири көлөмдөгү бетон заводу курулуп жатат


Нарын районунда ири көлөмдөгү бетон заводу курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жеке ишкер тарабынан курулуп жаткан аталган заводдун курулуш иши менен таанышты.

Жеке ишкер Акмат Кудайбергеновдун айтымында, таш майдалап, саатына 180 тонна шагыл даярдоочу завод 20-сентябрда ишке кирээри күтүлүүдө. Ал эми саатына 70-80 куб бетон аралашмасын чыгара турган завод октябрь айынын аягында пайдаланууга берилип калат.

Бул завод толугу менен ишке кирсе Нарын шаарындагы бардык курулуш обьектилерин сырье менен камсыздай алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн