Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Нарын районунда түнкүсүн кароосуз жүргөн өспүрүмдөр кармалды (фото)

24.07.2020 11:27
1067
Нарын районунда түнкүсүн кароосуз жүргөн өспүрүмдөр кармалды (фото)


Нарын районунда “Өспүрүм-түн” операциясы учурунда кечкисин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 2 өспүрүм аныкталып, милициянын таяныч пунктуна алынып келинди. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бул иш-чара балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу багытында атайын буйруктардын талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлдү. Кармалган балдар өспүрүмдөрдү каттоо журналына катталып, ата-энесине өткөрүлүп берилди жана түнкү убакта топтошуп мушташуу, жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Мындан тышкары кризистик жашоо шартына кабылган балдарды жана ата-энеси миграцияда жүргөн кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында үймө-үй кыдыруулар уюштурулду.


Жашоо шарты начар үй-бүлөргө Нарын РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун демилгеси менен азык-түлүк жагынан жардам берилди.


Ошондой эле райондун аймагында сууга чөгүү фактысы орун алып жаткандыгына байланыштуу жаш өспүрүмдөргө жана ата-энелерге жайкы каникул убагы болгондуктан көзөмөлдү күчөтүүнү, сууга чөгүү фактыларын жана жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерге бет кап тагынып, өздүк гигиенасын туура сактоо жөнүндө тынымсыз иштер жүргүзүлүп жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн