Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө " Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жарлыкка ылайык, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Нарын облусундагы ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалат.
Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн