Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарын шаарында 37 млн сомго медициналык борбор курулат

04.08.2020 16:16
927
Нарын шаарында 37 млн сомго медициналык борбор курулат


Нарын шаарында өкмөт тарабынан берилген 6 пайыздык жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. 


Маалыматка караганда, учурда ал үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жакын аймактан жер аянты сатылып алынып, курулушту баштоо жумуштары жүрүп жатат. 


Курула турган медициналык борбор 3 кабаттан туруп, дартты аныктоочу лабораториялар, жабдуулар коюлат. Дарыгерлердин бөлмөлөрүнөн сырткары бейтаптарды жаткырып дарылоочу 24 орундуу заманбап медициналык жай болот. 


Борбордун жалпы сметалык баасы 37 миллион сомду түзүп, 17,5 миллион сому мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя катары 2019-жылдын декабрь айында каржыланган. 


Айта кетсек, медициналык борбордун курулушу, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Нарын облусунда 72 миллион сомго каржылана турган 20 долбоордун ичине кирет. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн