Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:22
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Нарын шаарында оорунун очогу чыккан жер иликтенип жатат, - Алымкулов

17.05.2020 10:12
1162
Нарын шаарында оорунун очогу чыккан жер иликтенип жатат, - Алымкулов


Нарын шаарында оорунун очогу чыккан жерди курчоого алуу, шаарга кире бериштеги жана шаар ичиндеги блокпосттордун санын толуктоо, оорулуу менен байланышта болгон жактарды изоляциялоо иштерине басым коюлуп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов ыкчам штабдын жыйынында билдирди.  


Анын айтымында, Бишкектен көмөккө келген адистер менен биргеликте эпидемологиялык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ооруну басаңдатуу боюнча санитардык-карантиндик талаптарды аткаруу иштери күчөтүлүүдө. 


Шаардык төрөт үйү дезинфекцияланып, таза жана кир зонага бөлүндү, ооруканада иштеген кызматкерлерден жана анда жаткан бейтаптардан толугу менен анализ алынды. Буга катар жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлүүдө”, - деп маалымдады Эмилбек Алымкулов.

 

Кеңешмеде бардык аймактарда, анын ичинде өзгөчө татаал эпидемологиялык абалга байланыштуу карантин киргизилген Бишкек жана Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагында санитардык-карантиндик иш-чараларды күчтөнтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн