Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Нарын шаарынын кире беришине арка орнотуу пландалууда

12.07.2021 12:38
2076
Нарын шаарынын кире беришине арка орнотуу пландалууда

Нарын шаарынын кире беришине арка орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын кире беришине арка коюу үчүн архитекторлордун эмгектери шаардын айрым тургундарынын, ардагер архитектор, мугалим, аксакалдар сотунун, мекеме-ишкана кызматкерлеринин, жаштардын сынына коюлуп, бир катар сунуштар кабыл алынды.


Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Нарын шаары үчүн көркөмдүү, мазмундуу жана сапаттуу белгини орнотуп алууну тездетүү аракети көрүлүп жаткандыгын белгиледи.


Талкууга катышкан КР министрлер кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев 2 арканын эскиздеринин мыктысын тандоону көпчүлүктөн сурануу менен, бүгүнкү күнү шаардын кире беришине коюлуучу арканы жакынкы арада баштоо үчүн тийиштүү аракеттер жүрүп жаткандыгын айтып, эскиздерди сунуштаган архитекторлорго бир катар толуктоолорду киргизүү менен дагы талкууга коюуну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн