Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 00:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Нарын шаарынын мэри 2020-жылы өткөн шайлоодо ири алдамчылыкка шектелип камалды

18.09.2021 17:55
807
Нарын шаарынын мэри 2020-жылы өткөн шайлоодо ири алдамчылыкка шектелип камалды



УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталганын комитеттин маалымат кызматы билдирди. "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.


2021-жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри “Б.С." Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча жогоруда аталган алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип, КР УКМКнын тегөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгиленет.


Учурда Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн